• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алуу боюнча ири масштабдагы кампания башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн, 16-мартта саат 10:00дөн 16:00гө чейин жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алуу боюнча ири масштабдагы кампания башталды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чараны Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан өткөрүлөт.

Калкты мобилдүү тейлөө Туран, Кулатов, Курманжан датка кичирайондорундагы базарларда жана Кеңеш айылындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын административдик имаратынын алдында жүргүзүлөт.

Иш-чаранын алкагында калкка төмөнкү жардам көрсөтүлөт:

• биометрикалык маалыматтарын каттоодон өткөрүүгө;
• паспортун алмаштыруу үчүн документтерин берүүгө;
• туруктуу жашаган жеринде каттоодон өтүүгө;
• электрондук санарип кол тамгасын алууга.

Мындан сырткары, жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча дем алыштан башка күндөрү Ленин көчөсүндөгү, Манас-Ата кичирайонундагы Касымбеков көчөсүндөгү калкты тейлөө борборлоруна жана Амир-Темур кичирайонундагы Целинная көчөсүндөгү паспорт столго кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий