• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто жол кырсыгынан жабыркаган 5 жаран куткарылды

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Ош облусунда жол кырсыгынан жабыркаган 5 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 19-чакырымында "Хонда адисей" үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып, каналдын жээгиндеги даракка урунган. Ичинде 3 аял 2 жаш бала болгон.

Жерине Кара-Кулжа райондук ӨКБнын авариялык куткаруу унаасы (АСМ) менен 5 куткаруучу тартылып, аталаган 5 жаранга жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий