• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Оштогу Ишкерлерди тейлөө борбору ачылгандан бери 12 миңден ашуун салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Ош шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борбору 2023-жылдын апрелинен бери 12 миң 344 салык төлөөчүнү тейлеген.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул мезгилде салыктык каттоодон 1207 ишкер, кайра каттоодон – 89, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча каттоодон – 563 ишкер ийгиликтүү өткөн. Ал эми 747си салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу тууралуу маалымкат алган. Мындан тышкары, 150 ишкер салык режимин өзгөрткөн.

3419 салык төлөөчү "Жеке кабинетке" кирүү мүмкүнчүлүгүн алса, 774 ишкер – электрондук санариптик кол тамга алып, 1920 ишкер – электрондук патентке жана камсыздандыруу полисине ээ болушту.

Борбордон 3475 жаран ар кандай салык маселелери боюнча, анын ичинде патент алуу, салык декларациясын толтуруу, отчетторду жана маалыматтык эсептөөлөрдү тапшыруу боюнча консультацияларды алышкан.

Мындан тышкары, Борбордун кызматкерлери салык төлөөчүлөргө мүлк салыгынын суммасы эсептелгендиги тууралуу билдирүүлөрдү тапшырышкан.

Эскерте кетсек, Оштогу Ишкерлерди тейлөө борбору өз ишин 2023-жылдын апрель айында баштаган, анда шаардын жана Ош облусунун ишкерлери мамлекеттик жана башка кызматтардын топтомун бир жерден ала алышат.

Аталган Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызматтарды алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий