• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Оштун спортчулары жеңил атлетика фестивалында 7 алтын утушту

Спорт 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-6-май күндөрү Бишкек шаарында жеңил атлетика боюнча фестиваль болуп өттү. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан, Якутия, Новосибирск шаарларынан спортчулар катышты,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынан барган курама команданын спортчулары, жалпысынан 7 алтын, 3 күмүш байгеге ээ болушту.

Ошондой эле, мелдештин жыйынтыгы менен А.Жамшитбекова , Баястан Максатбек уулу, Шахзатбек Садыкжан уулу жана машыктыруучу Алмазбек Казибеков КРнын курамында Ташкент шаарында боло турган Узбекистан кубогуна жолдомо алышты.

Ал эми, жаштар арасында Эльдияр Кадыров 3000 метр аралыкка чуркоодо июль айында Таиландда өтүүчү жаштар арасындагы Азия биринчилигине жолдомо алды.

Пикир

Оставить комментарий