• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Пандемиядан улам ажылыкка барбай калган кыргызстандыктарга акчалары кайтарылууда

Коом 0

Бишкек, 08.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2020-жылы пандемиядан улам ажылыкка бара албай калган кыргызстандыктарга акчалары кайтарылууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы ажылык парзды өтөө үчүн 9 миң 586 адам катталган.

"Акчасын кайтарып алам дегендерге муфтиятта эч кандай тоскоолдуктар жок. Арызын жазып, себептерин түшүндүргөндө автоматтык түрдө акчасы анын эсебине которулат. Ал жаран электрондук тизмеден чыгарылат. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жолу даттануулар болгон жок. Ал эми ажылыкка барам десе, анда тизмеде кала берет, акчасы дагы кайтарылбайт. Кезеги келгенде ажылыкка барып келет", - дейт ал.

Муфтияттан белгилешкендей, былтыркы жылдын эсеби менен катталгандардын 2 миң 488и акчасын кайтаруу үчүн арыз жазышкан. Жалпы 18,5 млн доллардай каражат чогулуп, 7 млн 327 доллары кайтарылган.

Белгилей кетсек, COVID-19 коронавирустук инфекцияга байланыштуу Сауд Арабиянын Ажылык жана умра иштери боюнча министрлиги 2020-жылы июлдун аягына туура келген ажылыкка чет өлкөлүк зыяратчылар кабыл алынбай турганын билдирген.

Жыл сайын Мекке шаарына дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүнөн 2,5 миллион мусулман ажылыкка барат. Сауд Арабиясы март айында пандемияга байланыштуу кичи ажылыкка (умра) да тыюу салган. Азырынча ажылык сапарга барууга качан уруксат бериле тургандыгы жөнүндө так маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий