• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Покер ойноп жатканда колго түштү: Бишкекте дагы бир оюн-зоок ойноочу жай ачыкталды

Коом 0


Бишкек, 23.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте Токомбаев көчөсүндө дагы бир мыйзамсыз оюн-зоок ойногон жай табылып, текшерүү маалында покер ойноп жаткандар да кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кезектеги текшерүү жүргүзүлүп, имараттын ичинде покер ойноп жаткан калаа тургундары аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Имаратка тиешеси барлар Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Финансы полициясынан билдиришкендей, өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамсыз кумар оюндарын ойнотуучу жайларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий