• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Премьер-министр Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат

Өкмөт 0

Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Өкмөттүн аймактагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы.

Мындан тышары, Өкмөт башчы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат.

Ошондой эле Сапар Исаков Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп квартиралуу турак-жайдын курулушу менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий