• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Президент катышкан “Мурас” турниринин чейрек финалдык оюндары башталды

Спорт 0

Бишкек, 15.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин чейрек финалдык оюндары башталды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда катышкууда.

Күн мурун, 14-декабрда 16 команданын ортосунда чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн тайпалык оюндар өттү. Анын жыйынтыгында турнирдин кийинки баскычына 8 команда өттү.

Бүгүн, 15-декабрда "Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде төмөндөгү командалардын плей-офф баскычындагы беттештери өтүүдө:

— "Президенттин командасы" — "Элчилер";

— "Спорт Жылдыздары" — "Спорттук федерациялар";

— "Коопсуздук" — "Ден-Соолук";

— "Ыйман" — "Достук".

Учурда чейрек финалда “Президенттин командасы” менен “Элчилер” командасы оюн өткөрүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас” достук турнири өтүүдө. Аталган оюн жылына эки жолу: кышында жана жазында өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий