• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Президент Жапаров Нур-Султандагы Ата Мекенди коргоочулардын эстелигине гүлчамбар койду

Президент 0

Бишкек, 02.03.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Нур-Султан шаарындагы Ата Мекенди коргоочулардын эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мамлекет башчысы Республикалык гвардиянын кол башчысынын коштоосу менен тизилип турган ардактуу кароолдон өтүп, эстеликке гүлчамбар койду.

Гүлчамбар койгондон кийин президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго бир мүнөт эскерүү менен таазим кылды.

Пикир

Оставить комментарий