• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Президент Жээнбеков 9 пайыздык босого тууралуу өз пикирин билдирди

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып алдыдагы боло турчу шайлоодогу пайыздык чек тууралуу талкууларга байланыштуу өз пикирин билдирди.

Анын айтуусунда, тогуз пайыз деген чекти депутаттардын көпчүлүгү колдоп, мыйзам кабыл алынган эле.

"Бул норма шайлоого катыша турган саясий күчтөр тарабынан кызуу талкууга алынып, азыр өзгөртүүнү талап кылууда. Дээрлик жарым жылга жакын созулуп келаткан талкууга мен да көңүл буруп келатам. Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген да пикирлер айтылууда. Тогуз пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент — партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок, буга саясий күчтөр даярбы?", - деп суроо салды өлкө башчысы.

Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес, - деп баса белгиледи Жээнбеков.

"7 пайыз — бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар, „жаштарга мүмкүнчүлүк берели“ деген элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок, чынында, жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп, бир кесет деп ойлойм", - деген президент бардык партияларга карата бирдей мамиледе боло тургандыгын айтты.

"Өзүнүн аты айтып тургандай, партия деген — жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кайсы бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланып келгем.

Жалпы элге кызмат кылуудамын. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын", - деп жыйынтыктады өз сөзүндө мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий