• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президент Жээнбеков Ирандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Моджтаб Рузбеханини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Али Моджтаб Рузбеханинин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердүүлүгүн белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын баса белгиледи жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Али Моджтаб Рузбехани жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүндө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезип турганын белгиледи.

Эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшаганын кошумчалады.

Жолугушууда кыргыз-иран соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөөнүн азыркы абалы жана келечеги, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий