• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тездетилери айтылды

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздоо керек.

“Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот. Ошондой эле транспорттук-логистикалык интеграцияны камсыз кылуу, ата мекендик продукциянын сыртка чыгуудагы көйгөйлөрүн чечүү маанилүү. Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат. Андыктан “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз”, - дейт президент.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол койду.

Пикир

Оставить комментарий