• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Жээнбеков өлкөнү санариптик трансформациялоо чаралары менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялоо боюнча Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

2019-2023-жылдарга карата «Санарип Кыргызстан» Концепциясына ылайык, өлкөнү санариптик трансформациялоо алкагында кабыл алынган милдеттердин жана иштердин аткарылышы тууралуу кеңири айтып берди.

2020-жылга карата өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча артыкчылыктуу багыттар тууралуу толук маалымат берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылы МТБМК үч ири багытка — саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарына өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле Бирдиктүү дата борборун куруу («G-cloud» платформасы) пландалууда.

Бул жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, ал 2019-жылдын иш-чаралар планына 89 иш-чара каралганын маалымдады. Бүгүнкү күндө «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук байланыш системасына 62 мамлекеттик органдар жана 24 коммерциялык түзүмдөр кошулган. Системада 389 сервис бар, 2018-2019-жылдары 17,4 млн транзакциялар жасалган. Учурда 12 справка автоматташтырылган, мындан улам бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашуун жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулган.

Карызы жок деген справканы алуу автоматташтырылып, бизнес өкүлдөрү 18 миллион сом үнөмдөй алышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекттик саясатты ишке ашырууда негизги милдетти — адамдардын, өлкө жарандарынын ыңгайлуу жашоосун камсыз кылуу, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адамдык факторду жокко чыгаруу жөнүндө дагы бир жолу эске салды. Бул мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууга мүмкүндүк берет.

Дагы бир маанилүү фактор болуп бизнес менен алектенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, ата мекендик экономика секторунун бардык тармактарына санариптештирүүнү толук масштабдуу киргизүү боюнча чараларды кабыл алуу саналат.

Санариптештирүүнү ийгиликтүү ишке ашыруу процесси өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин белгилеп, Мамлекет башчысы бийликтин бардык бутактарынын, министрликтердин жана ведомстволордун Кыргызстанды санариптик трансформациялоо боюнча активдүү позициясынын маанисин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий