• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапар менен барат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.11.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусуна иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Президенттин милдетин аткаруучу жумушчу сапардын алкагында облустагы социалдык объектилерди, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.

Муну менен катар Нарын облусунун эли менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий