• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баатырбеков: Балдарды социалдык жактан коргоону камсыздоо боюнча иштер күчөтүлүүгө тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбековдун төрагалыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырунун алкагында балдарды колдоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча кеңешме болду.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдарды колдоо боюнча бекитилген планынын тармактык мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылышы талкууланды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңы конуштарда турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдөгү балдарга документ берүү боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүүдө. 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, 720 балада документ жок экендиги аныкталып, анын 250сүнө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди.

Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүдө. Быйыл жылдын аягына чейин ушул форматта иштей турган 500 бала бакчаны түзүү пландалды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте китепканалардын базасында балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ачылды. 2020-жылы 50 ачылса, 2021-жылы дагы 50нү түзүү пландалды.

Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бала бакчаларга электрондук кезек тутуму киргизилди. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине электрондук түрдө катталуу жана кезекке туруу системасын жүзөгө ашыруу пландалууда. Учурда тутумга Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларын туташтыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Ошондой эле майыптыгы бар балдарды эрте аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер аткарылууда. Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунда ымыркайлардын тубаса ооруларын – гипотиреозду эрте аныктоо үчүн скринин бөлүмү ачылды. Бөлүмгө бардык аймактардан алынган анализдер жеткирилет.

«Балдарды колдоо бонча көп пландар каралган. Бирок пандемияга байланыштуу айрымдарын толук кандуу ишке аашырууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Абал турукташып калды. Ошондуктан балдар маселелерине байланыштуу кабыл алынган чечимдер натыйжалуу ишке ашырылыш керек. Балдарды социалдык жактан коргоону камсыздоого өзгөчө көңүл бурулушу керек», - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Жыйындын соңунда протоколдук чечим кабыл алынды. Документте белгиленген тапшырмаларды тармактык мамлекеттик органдар айтылган мөөнөттө жана сапаттуу ишке ашырууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий