• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Айыл чарба өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири

Өкмөт 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Канчалык жогорку технология өнүкпөсүн, айыл чарба өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири жана дүйнөдөгү эң керектүү жана маанилүү тармак. Адам "темирди" же "техниканы" жебейт. Бул тууралуу Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле өлкөнүн айыл чарба тармагын колдоо максатында акыркы эки жылда аны өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 43,1 миллиард сом каралса, анын 28,1 миллиард сому бөлүнгөнүн кошумчалады.

“Ирригацияга – 2 млрд сом бөлүндү, элдин талааларына суу жетсин деп 2024-жылга өзүнчө статья менен дагы 1 млрд сом карап жатабыз. Үрөнгө – 1,5 млрд сом, жер семирткичтерге – 1 млрд сом, лизингге – 1 млрд жана күйүүчү майлоочу майларга убагында каражаттарды бөлүп кампаларга толтуруп жатабыз. Агроөнөр жай секторуна жеңилдетилген кредит катары 2 жылда 24 млрд сомдон ашуун каражат бөлүндү”, – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы агро өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн бир катар артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Ал айыл чарбасы “өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга жана азык-түлүк коопсуздугуна карай жылышы керек” деп кошумчалады.

“Бул үчүн заманбап технологияларды колдонуу, үрөндөрдүн сапатын жакшыртуу жана фермерлер үчүн жогорку кирешени камсыз кылуучу жогорку маржиналдык өсүмдүктөргө өтүү зарыл. Жаратылыш-климаттык шарттарды эске алуу менен Кыргызстан органикалык таза продукциянын өлкөсү боло алат жана болууга тийиш. Алар биздин өлкөнүн туруктуу бренди болот. Биз айыл чарба продукциясынын көлөмү боюнча коңшу өлкөлөр менен атаандаша албайбыз, бирок биз атаандаштыкты таза, органикалык продукциянын жардамы менен камсыздай алабыз. Аз, бирок сапаттуу жана кымбат продукцияны өндүрүү керек!”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле эгиндерди тамчылатып жана чачыратып сугарууга өтүү “зарыл” экенин кошумчалады.

“Тамчылатып сугаруу технологиясын колдонгон дыйкандарга мамлекет колдоо көрсөтөт. Аларга үстөк пайызы төмөн насыялар жана жер берилет”, – деп белгиледи ал.

Миниситрлер кабинетинин төрагасы мал чарбасында сандан сапатка өтүү керек, асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле ата мекендик продукцияны кабыл алуу, сактоо, кургатуу, сорттоо, кайра иштетүү, таңгактоо жана сатуудан баштап заводдор боло турган өнөр жай айыл чарба аймактарын түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы агроөнөр жай комплексин колдоого даяр экендигин билдирүү менен айыл чарба тармагын өнүктүрүү министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп келгендигин жана ал дагы бул багытта кала берээрин белгиледи.

Андан соң, Айыл чарба министрлиги тарабынан уюштурулган “Мыкты чарбакер” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Пикир

Оставить комментарий