• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкекте өтүп жаткан агроөнөр жай көргөзмөсүнө барды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан “АгроТехЭкспо2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсүнө барды.

Акылбек Жапаров көргөзмөгө коюлган продукциялар менен таанышып чыгып, көргөзмө фермерлердин кесиптик тажрыйба алмашуусунун негизги аянтчасы болуп саналаарын жана айрым ишканалар жана бүтүндөй айыл чарба тармагы экономиканын өсүшүнө салым кошуп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, көргөзмө борбор калаанын Т.Усубалиев атындагы эски аянтынын так ортосунда 15 миң чарчы метрден ашуун аянтында өтүп жатат. Анда айыл чарба техникасынын акыркы үлгүлөрү, кайра иштетүү өнөр жайынын жабдуулары, жаңы инновациялык технологиялар, үрөн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, асыл тукум мал жана башка айыл чарба продукциялары көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий