• 88.68
  • 95
  • 0.95

Расмий эмес маалымат боюнча бир күндө миңге жакын уй сыртка чыгарылып жатат – Токтогазиев

Коом 0


Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Расмий эмес маалымат боюнча бир күндө миңге жакын уй Кыргызстандан сыртка чыгарылып жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, расмий статистика боюнча былтыр 10 айдын ичинде 600дөн ашык бодо мал сыртка чыгарылса, быйыл 8 миңден ашык бодо өлкөдөн чыгарылган.

"Былтыркыга салыштырмалуу Кыргызстандан 10-12 эсе көп мал чыгарылган. Атайын WhatsApp, Telegram соцтармагы ачылып, анда дыйкандар Аксы, Ала-Бука, Ош, Баткенде кантип малдарды аткезчилик жолу менен чыгарылып жатканы тууралуу маалыматтар келүүдө. Расмий эмес маалымат боюнча бир күндө миңге жакын уй Кыргызстандан сыртка чыгарылып жатат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий