• 88.68
  • 95
  • 0.95

Реабилитациялык мекемелердин тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен куттукташты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жашы жете элек балдар үчүн реинтеграциялоо борборунун тарбиялануучуларын жана Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүнүн бейтаптарын Жаңы жылы менен куттуктады.

«Мамлекет башчыбыздын атынан бардык балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм. Келерки жыл ден соолукту, кубанычтарды алып келсин жана бардык аруу тилектер ишке ашсын!», - деп куттуктады Байсалов.

«Айданек» борборунда 3-18 жашка чейинки оор жашоо кырдаалында калган балдар тарбияланат. Мекеменин негизги максаты балдарды багуу, тарбия берүү, калыбына келтирүү, интеграциялоо (реинтеграция), психологиялык, медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Учурда мекемеде 35 тарбиялануучу жашайт. 35 орунга эсептелген Улуттук фтизиатрия борборунда балдар абалына жараша орто эсеп менен 2-3 ай болушат.

Пикир

Оставить комментарий