• 88.68
  • 95
  • 0.95

Рената Винтер: Кыйноолорго каршы күрөшүү – жакшы даярдалган адистер

Коом 0

Бишкек, 23-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыйноолор, орой жана ар-намысын тебелеген мамилелер менен күрөшүү – бул жакшы окутулган кызматкерлер. Бул тууралуу Эл аралык кыйноолордун курмандыктарын колдоо күнүнө арналган тегерек үстөлдө БУУ балдардын укуктары Комитетинин төрагасы Рената Винтер билдирди.

«Белгилүү болгондой, кыйноолор менен күрөшүү – бул мындай фактылар орун алганда натыйжалуу иликтөө, ошондой эле, кыйноолордун курмандыктарын калыбына келтирүү болуп саналат. Кыйноолор – бул жамандык, тилекке каршы дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө бар. Мындан курмандык гана эмес, анын үй-бүлөсү, балдары, туугандары жана жакындары да жабыркайт. Эл аралык календарда кыйноолордун курмандыктарын колдоо күнүнүн болушу бекеринен эмес”, - деди ал.

БУУ Комитетинин башчысы мамлекеттин жана коомдун аракеттери мындай фактыларды азайтууга жана жоюуга багытталышы керектигин белгиледи. “Жакшы даярдалган адистер өз милдеттерин таасирдүү аткарып, камактагыларга жаман мамиле кылбай турганын эске алуу зарыл. Эгерде соттор жана прокурорлор адам укуктарын сактап, документтердин мыйзамдуулугун көзөмөлдөсө, кыйноолор жоюлат”, - деди Рената Винтер.

Пикир

Оставить комментарий