• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолуна көчкү түшүп, "Арал" жана "Сосновка" постторунда чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, "Сосновка" постунда унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн саат 09:30дар чамасында Токтогул районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн (Шаркыратма тилкеси).

"Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Тиешелүү кызматтын кызматкерлери буга чейин кар көчкү түшкөн 231-чакырымдагы көчкүнү тазалап бүтүп, унаа жолдун 223-чакырымына барышат. Жерине №23 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Кар көчкүгө байланыштуу "Арал" жана "Сосновка" постторунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий