• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Республикада аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом 0

БИШКЕК, 11.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Синоптиктердин айтымында, республикада 11-августтан тартып, аба ырайы кескин өзгөрөт, жамгыр жаап, чагылган түшүп, тоолуу райондордо каар жаашы мүмкүн.

Бүгүн республикада күн сууктап, абанын температурасы түшөт.

Эртең, 12-августта синоптиктер өлкө боюнча жамгыр жаап, чагылган түшөөрүн эскертишет. Тоолуу райондордо каар жаайт. 13-августта айрым жерлерде гана күн жаайт.

Мындай аба ырайынын өзгөрүшү унаалардын жүрүшүн, байланышты, электр жана коммуналдык кызматтарды кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий