• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Роналду инстаграм баракчасында эң кымбат жарнама кылган спортчулардын сап башында

Спорт 0

Бишкек, 24.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Hopper порталы инстаграм баракчасындагы жарнама үчүн эң көп акча алган спортчулардын тизмесин түздү.

Тизменин сап башында "Ювентус" клубунун жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду турат. Анын инстаграмдагы постту 975 миң доллар бааланган.

Андан кийинки орунда "ПСЖ" жана Бразилия курама командасынын жылдызы Неймар туруп, ал бир пост үчүн 722 миң доллар алары айтылат. Үчүнчү орунга "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси жайгашкан. Анын жарнама үчүн алган акысы 648 миң долларды түзөт.

Инстаграм баракчасындагы жарнама үчүн чоң акча алгандардын арасында Дэвид Бекхэм (357 миң доллар), Роналдиньо (256 миң доллар), Гарет Бэйл (218 миң доллар), Златан Ибрагимович (200 миң доллар) жана Луис Суарес (184 миң доллар) бар.

Тизмеде 11-орунда турган мурдагы UFC чемпиону Конор Макгрегор бир пост үчүн 169 миң доллар алат.

Пикир

Оставить комментарий