• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Россия КРдан жана Казакстандан барган жер-жемиштерди киргизбей койгон

Коом 0

Бишкек, 21.11.2018. /Кабар/. Россия айыл чарба көзөмөлүнүн кызматкерлери тарабынан россия-казак чек ара тилкесинде 13нөн 19-ноябрга чейин Россияга 142 тонна Кыргызстандан жана Казакстандан барган жашылча жана жемиштерди киргизүү боюнча 11 аракетин токтоткон.

Маалым болгондой, фитосанитардык сертификат менен унаа документтериндеги маалыматтар туура келген эмес. Ошондой анык эмес сертификаттар менен 19,9 тонна жүгөрү, мандарин жана 2,2 тонна калемпир келген.

Андан тышкары жүктөлүп келген азыктардын партиясын ырастаган фитосанитардык сертификаты жок калемпир, макадамия жаңгактары жана мандариндер алынып келген.

Баардык жүктөр киргизилбей, келген өлкөлөрүнө жиберилген жана күнөөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылган.

Пикир

Оставить комментарий