• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Россиянын "кара тизмесинен" кантип чыкса болот? Эмгек министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын "кара тизмесинен" кантип чыгууга болоору тууралуу маалыат берди.

Ведомствонун Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, сентябрдын аягында жугуштуу оорулардан улам РФ аймагына кирүүгө тыюу салынган "кара тизмеде" 47 миңден ашуун кыргызстандык бар.

"Кара тизмедеги" жаран Кыргызстанда болсо, анда ал:

Мамлекеттик ооруканага анализ тапшыры, сифлис, кургак учук оорулары менен оорубагандыгын тастыктаган маалымкат алыш керек.

Андан кийин эркин формада өтүнүч менен Роспотребнадзордун электрондук дарегине: https://petition.rospotrebnadzor.ru/petition / кайрылуу зарыл. Кайрылууга төмөнкү документтер тиркелет: паспорт (эгер чет өлкөлүк паспорт болсо, паспорттун котормосу, оорунун жоктугу жөнүндө маалымкат).

Ошондой эле кайрылууда жашаган жеринин так дареги, почта дареги, вотсаптын телефон номери, электрондук дарек көрсөтүлүшү керек, анткени Ропторебнадзор арыз ээсине 30 күн ичинде кат жөнөтөт.

Кайрылууну оң караган учурда Роспотребнадзор тарабынан РФнын аймагына кирүү 3 айга убактылуу ачылат. Роспотребнадзор тарабынан оң чечим кабыл алынгандан кийин жаран РФнын аймагына 1,5 айдан кийин гана кире алат. Сөзсүз түрдө "кара тизмеден" өзүңүздү текшериңиз.

Жаран РФга келгенден кийин төмөнкү даректен дарылануудан өтүшү керек: Кожновенерологиялык диспансер 1, Москва шаары, Ленин проспектиси 17.
Жаран дарылангандан соң КР ф-001 справкасын жана паспортунун көчүрмөсү менен Роспотребнадзорго Москва шаары, Графский көчөсү, 4-үй, корп. 2 дарегине барат жана арыздын негизинде РФга кирүүгө тыюу салууну биротоло алып салынат.

“Кара тизмедеги” жаран Москва шаарында болсо, анда ал:

Роспотребнадзорго Москва ш., Графский көчөсү, 4-үй, корп. 2 дареги боюнча арыз жазышы керек.
Кайрылууга төмөнкү документтерди тиркөө керек: паспорт (эгер чет өлкөлүк паспорт болсо, паспорттун котормосу, оорунун жоктугу жөнүндө маалымкат).
Кайрылууда жашаган жеринин так дареги, почта дареги, вотсаптын телефон номери, электрондук дарек көрсөтүлүшү керек, анткени Ропторебнадзор арыз ээсине 30 күн ичинде жооп жөнөтөт, же байланышып чечимди берүүгө чакырат. Кайрылуу оң каралган учурда Роспотребнадзор кирүүнү 3 айга убактылуу ачат.
Андан кийин Москва шаары, Ленин проспекти, 17 дареги боюнча Кожновенерологиялык диспансер дарылануудан өтүү керек.

Жаран дарылангандан кийин КР ф-001 справкасы жана паспортунун көчүрмөсү менен Москва шаары, Графский көчөсү, 4-үй, корп. 2 дарегине барып, эркин формада арыз жазат жана тыюу биротоло алынып салынат.

Пикир

Оставить комментарий