• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Россиянын SWIFT`тен өчүрүлүшүнүн кесепети Кыргызстан үчүн минималдуу болот – УБ

Экономика 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Россиянын SWIFT`тен өчүрүлүшү Кыргызстан үчүн минималдуу болот. Бул тууралуу брифингде КР Улуттук банкынын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

“Азыркы учурда коммерциялык банкттардын көпчүлугү Улуттук банк аркылуу, андан тышкары түздөн түз SWIFT`ге кошулган жана биз Россиянын SWIFT`тен өчүрүлүшүнүн таасири биздин рынок үчүн минималдуу болот. Бул биздин жарандардын Кыргызстандын банктары аркылуу төлөмдөрүнүн токтоп калышына алып келбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Карабаева Кыргызстандын улуттук төлөм системалары жана акча которуу системалары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Ал белгилегендей, 26-февралга карата Улуттук банктын резерви 2 миллиард 768 миллион долларды түздү.

Пикир

Оставить комментарий