• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ТИМ: 1-мартта чет өлкөлүк жарандар үчүн колдонулган "жашыл коридор" жокко чыгарылат

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык амнистиянын (жашыл коридор) мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-мартында аяктайт. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алып, КР министрлер кабинети 2022-жылдын 19-январында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган “жашыл коридорду” 2022-жылдын 1-мартынан баштап жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттин аймагынан чыгып кетүү же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздөө сунушталат.

Кыргыз Республикасынын визалары 2017-жылдын 15-мартындагы КР өкмөтүнүн №155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө Жобосунда көрсөтүлгөн тиешелүү негиздер бар учурда “Электрондук виза” порталы аркылуу электрондук түрдө таризделет.

Министрлик 2022-жылдын 1-мартынан тартып кирүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынан чыгуусу айып пул төлөнгөндөн жана чыгуу визасы таризделгенден кийин гана мүмкүн экендигин өзгөчө белгилейт.

Маалымат үчүн: Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдын, аларды белгиленген тартипте каттоо жана жашап туруу, жүрүү, жашаган жерин өзгөртүү укугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүүгө документтерди жол-жоболоштуруунун белгиленген тартибин бузуусу жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом), юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч (5000 сом) өлчөмүндө айыппул салууга алып келет.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (5500 сом) айыппул салууга алып келет.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылуу керек:

(+996) 312 66-30-70;

(+996) 703 42-88-65 (+Whatsapp);

Instagram: @visacenterkg;

Telegram: @ visacenterkg.

Эскерте кетсек, дүйнөдө коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу киргизилген убактылуу чектөөлөр колдонулган учурда, 2020-жылдын 17-мартында КР өкмөтүнүн №84-б буйругу кабыл алынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий