• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Роухани Ирандын Президенти бойдон калды

Дүйнө 0

Бишкек, 21-май /Кабар/. Хасан Роухани президенттик шайлоодо жеңип чыкты. ИРНА Иран агенттигинин маалыматында Иран ИИМинин акыркы маалыматтары боюнча, ага шайлоого катышкан 57% шайлоочу добуш берген. Ирандагы президенттик шайлоолордун акыркы жыйынтыктары боюнча 4,2 млн добуштун жыйынтыгы боюнча Хасан Роухани 23,8 млн, Эбрахим Раиси – 15,8 млн, Мустафа Ага Мирсалим – 478,2 миң жана Мустафа Хашеми-Таба 215,5 миң добуш алган.

Роуханини шайлоодогу жеңиши менен бир катар мамлекеттердин башчылары, анын ичинде Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандыкы Эмамоли Рахмон жана Казакстандыкы Нурсултан Назарбаев куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий