• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

АКШ: Лос-Анжелесте 30 миңден ашуун мугалим иш таштоо акциясына чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. Американын Лос-Анжелес шаарында 32 миңден ашуун мугалим жана мектеп кызматкерлери иш таштоо акциясына чыгышты.

Алар айлык акысын жогорулатуу, класстагы окуучулардын санын азайтуу, мектептерге кошумча кызматкерлерди (психолог, медайым жана башка кызматкерлерди) алууну талап кылышууда.

Америкалык басылмалардын маалыматы боюнча, мугалимдердин профсоюзу менен Лос-Анжелес шаарынын бийлигинин ортосунда көптөн бери уланган сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыккан жок.

Иш таштоо акциясынын айынан 600 миңдей окуучунун бул күнкү сабактары үзгүлтүккө учурады.

Лос-Анжелестеги мугалимдер 30 жылдан ашуун убакыттан бери алгач ирет иш таштоого барды.

Пикир

Оставить комментарий