• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сүйүнчү! Ысык-Көлдө изделип жаткан жаш балдар табылды

Коом 0

Бишкек, 27.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында изделип жаткан үч жаш бала табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-агустта "102" кызматынан Жаңы-Арык айылынын кичинекей жашоочулары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аларды издөө иштерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

"Бүгүн кайрадан издөө иштерин улантуу максатында Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган айылдын Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан балдар аман-эсен табылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий