• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Саатына $14. Белгилүү кондитердик компания таттууну жакшы көргөн адамды жумушка чакырат

Дүйнө 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Cadbury кондитердик компаниясы өзүнүн расмий сайтында жумушка шоколаддарды дегустация жасаган кишини издөө тууралуу жарыя киргизген.

Бул адистин эмгек акысы саатына 14 АКШ долларын түзөт. Ал Oreos жана Dairy Milk’тин азыктарын дегустация жасап иштейт.

Бул адистин жумуш оруну Вокингхэмде (Англия) жайгашкан бул компаниянын кеңсесинде болот. 12 кесиптеши менен алмашып, бир жумада 8 саат иштейт.

Жарыяга жараша, бул кызмат орунга таттууну жакшы көргөн, даам татым сезими күчтүү жана өз оюн ачык, айкын билдире ала турган киши керек. Эч кандай эмгек тажрыйба талап кылынбайт.

Резюмелер 8-мартка чейин кабыл алынат. Тандоо талапкерлер арасында “сокур” дегустация аркылуу жүргүзүлөт. Эң татыктуулары жолугушууга чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий