• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров Катардагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барды

Президент 0

Бишкек, 19.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 18-декабрда, чет өлкөлөрдүн чакырылган башка лидерлери менен катар Катар Мамлекетинин борбору Доха шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 финалдык беттешине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аргентина менен Франциянын улуттук курамаларынын ортосундагы финалдык беттеш, Аргентинанын курамасынын жеңиши менен аяктады.

Эске салсак, мамлекет башчысы Катарга иш сапарын өлкө Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен жасоодо.

Пикир

Оставить комментарий