• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Саясат таануучу: “КР Президентинин Германияга жана Белгияга сапары ЕБнын Кыргызстанга кызыкдар экенин көрсөттү”

Саясат 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. КР Президенти А.Атамбаевдин Европага сапары биринчи жолу эмес, ал өткөн жылдары да Европа өлкөлөрүнө бир нече жолу жумушчу сапары менен барган деп белгиледи эл аралык иштер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов.

Эксперттин пикиринде, дүйнө өлкөлөрүнө туулган жаңы коркунучтардан Кыргызстан да четте эмес. “2017-жыл татаал жана оор болот, КМШ мейкиндигине көз чаптырсак, олуттуу экономикалык көйгөйлөрдү, саясаттагы чечилбеген көп маселелерди, Белоруссия менен Россиянын ортосундагы жаңы конфликтти байкайбыз”,-деди ал.

Саясат таануучунун айтымында, А.Атамбаевдин ЕБнын негизги институттары жайгашкан Европадагы ири өлкөлөргө сапары эки нерсени айтып турат.

“Биринчиден, биз жаңы деңгээлге чыктык, Европа менен кызматташуунун жаңы жагдайларын табууга аракеттенүүдөбүз, анткени ЕБ Борбордук Азиядагы процесстерге таасир эткен дүйнөдөгү ири бирикмелердин бири болуп саналат. Европа Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн модель болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи. Биз Борбордук Азиянын, алтургай бир нече КМШ мамлекеттеринен айырмаланып, өнүгүүнүн демократиялык жолу менен баратабыз”,-деди Э.Осмонбетов.

Э.Осмонбетовдун айтымында, дагы бир башка маселе – А.Атамбаевдин ЕБга сапары Европанын башкы өлкөлөрүнүн Кыргызстанга көңүл буруусун – Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө бериле турган 184 млн еврого кол коюуга шарттады. Азырынча жарнамалабай турган, мамлекеттер ичинде кулуардык түрдө талкууланып жаткан макулдашуулар бар. “А.Атамбаевди Юнкер менен Могерининин кабыл алышы Кыргызстандын өзүнүн демократиялык жолу менен өнүгүүсүнө Европа кызыкдар экенин билдирет”,-деп эсептейт саясат таануучу.

Ошондой эле, Э.Осмонбетов Кыргызстан демократиялык институттарды, парламенттик республиканы түзө алса, бул бир жагынан геосаясый өнүгүүдө таптакыр башка жаңы этапта турган Борбордук Азия мамлекеттери үчүн түрткү болорун белгиледи.

Жыйынтыгында эксперт мамлекет башчысынын Европага сапарын оң баалагандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий