• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салянованын соту жактоочусу келбей калгандыктан жылдырылды – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 09.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын соту жактоочунун келбегенинен улам жылдырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаев билдирди.

Анын айтымына караганда, Салянованын жактоочусунун келбеген себебин алар, анын депутат Канатбек Исаевдин соттук ишинде катышып жаткандыктары менен түшүндүрүштү.

“Бирок, Аида Салянованын жактоочусу ал жакка да келген эмес”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында “кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган” деген негизде Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча Саляновага кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына тапшырылган. Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турганда, 2010-жылдагы революциядан кийин, издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий