• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Салтка айланган ишембиликтерди өткөрүү менен өлкө аймактарында тазалыкты камсыз кылуубуз керек – Өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жер-жерлердеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жазгы тазалоо жана аймактарды көрктөндүрүү маселеси боюнча тийиштүү министрликтердин жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жазга карата даярдыктын алкагында жыл сайын аймактарда салттуу өтүүчү жазгы ишембиликтерди өткөрүүнү жандантуу тапшырмасын берди.

«Ишембилик бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу менен коштолот. Ишембиликте отургузулган дарактарга, көчөттөрдү өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, аларга кам көрүш керек. Болбосо, биз жыл сайын дарактарды отургузабыз, алар каралбай калат. Эгерде мурда отургузулган бактар каралса, Кыргызстан эмгиче жунгли сыяктуу эң жашыл өлкөгө айланмак. Биз салтка айланган ишембиликтерди өткөрүү менен өлкө аймактарында тазалыкты камсыз кылуубуз керек, бул иш формалдуу болбошу зарыл. Жер-жерлерде чыныгы тазалыкты камсыз кылуу ишине жергиликтүү жашоочуларды тартып, жаштарды өз өлкөсүн, тазалыкты сүйүүгө тарбиялообуз зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өзгөчө кырдаалдарга токтолгон Өкмөт башчы 2016-2017-жылдары өлкөнүн бардык аймактарында кыш мезгилинде жаан-чачын мурдагыга караганда сезилээрлик көп болгонун билдирди.

«Алынган маалыматтарга караганда, 2017-жылдын апрель айында республиканын түштүк аймактарында жаан-чачындын айлык нормадан көп болуусу күтүлүүдө, аба-ырайынын шарттарынын өзгөрүүсү жаан-чачындын көп болуусу, сел жана жер көчкүлөрдүн күтүлүүсүн, анын жыйынтыгында калктуу конуштардын жабыркоосуна таасир этүүсү мүмкүн”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө күн жылышы менен күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күнү-түнү нөөмөт кылуу үчүн күчүн мобилизациялоону тапшырды. Өкмөт башчысы белгилегендей, азыркы учурда тийиштүү министрликтер каржылык ресурстар, зарыл техника жана күйүүчү-майлоочу майлар менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий