• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Сапар Исаков Майлуу-Суу лампа заводунун иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 26-декабрда Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Ишкана ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты техникалык директор Мурзажан Токтабаев сунуштады.

Электр лампаларын өндүрүүчү ишканада 2000 ашуун адам эмгектенет.

Жылына болжол менен 300 млн электр лампасы чыгарылып, көпчүлүк бөлүгү экспортко жөнөтүлөт.

Милдеттүү төлөмдөр боюнча ири карыздарга байланыштуу, ишканада 2009-жылдын 16-февралынан тарта атайы башкаруу процедурасы ишке ашырылууда.

Өкмөт башчы ишкананын өндүрүш цехтерин, ошондой эле андагы өндүрүлүп жаткан продукцияны көрүп чыкты.

Сапар Исаков ишкананын учурдагы көйгөйлөрүн чечүү үчүн жакын арада тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кемешме өтөт деп билдирди.

Ошондой эле Премьер-министр Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жергиликтүү бийлик менен биргеликте жакын аймактардын суу астында калуусунун алдын алуу максатында тийиштүү иштердин өз убагында аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий