• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Сейтек" борборунун 6 спортчусу таэквондо боюнча мелдеште 18 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. "Сейтек" улуттук балдар борборунун 6 спортчусу таэквондо боюнча мелдеште 18 медаль утушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Таэквондо ITF боюнча Азия Кубогу жана Ачык биринчилик Ысык-Көлдө болуп өткөн.

"Сейтек" улуттук балдар борборунун 6 спортчусу 10 алтын, 4 күмүш жана 4 коло медаль утушкан.

Мелдешке 16 азиялык өлкө катышкан.

Пикир

Оставить комментарий