• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шаар күнүндө 28 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Коом 0

Бишкек, 29.04.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын күнүндө калаа башчы Албек Ибраимов №1 төрөт үйүнө барып, бактылуу ата-энелерди жаңы үй-бүлө мүчөлөрү менен куттуктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа башчы барган кезде эртең мененки саат 9:00г карата ошол төрөт үйүндө 6 ымыркай төрөлгөн, 3-эркек 3-кыз. Бардыгы болуп Бишкек боюнча саат 12:00гө карата шаар күнүндө 28 ымыркай жарык дүйнөгө келген, алардын 15-эркек жана 13-кыз, экөө эгиздер (эркек).

Шаардык перинаталдык борбордо 8 ымыркай, алардын 5-эркек жана 3 – кыз, экөө эгиздер (эркек) .

№1 төрөт үйү – 7 ымыркай, 3-эркек жана 4 – кыз.

№2 клиникалык төрөт үйү – 12 ымыркай, 7-эркек жана 5-кыз.

Шаардык гинекологиялык оорукана – 1 кыз.

Пикир

Оставить комментарий