• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: 7нен 10-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. 7нен 10-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөшү күтулөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин, Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 7…12°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 11-12 апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу. Күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий