• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Сокулук милициясынын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 2022-жылдын 28-апрелинде Сокулук РИИБнын тергөөчүсү М.Э., жана ыкчам кызматкери У.И., кармалды.

УКМКга буга чейин КРнын А.Ж., аттуу жараны сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук районунун ИИБ кызматкерлерине чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.

2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБне А.Ж., карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок, Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий