• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сокулукта 84 жаштагы пенсионер өрттөн каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Сокулукта өрттөн 84 жаштагы пенсионер каза болду, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Дача Прогресс айылында жалпы аянты 65 чарчы метр 2 кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүү учурунда бөлмөнүн ичинен 1938-жылы туулган Р.Р.И. аттуу аялдын сөөгү табылган.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий