• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тоолорго кар жаайт. ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 12-13-сентябрь күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. .

Пикир

Оставить комментарий