• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Сокулукта түн ичинде чоңдордун коштоосу жок жүргөн 30дан ашуун өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Сокулук райондук милициясы тарабынан 20-июндан 25-июнга чейин «Өспүрүм-Түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында 26 кафе, 6 ресторан, 16 компьютердик клуб жана башка коомдук жайлар текшерилди.

Жыйынтыгында түн ичинде чоңдордун коштоосу жок жүргөн 30дан ашык жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң ата-энелерине өткөрүп берилген.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөрдү жашаган жери боюнча профилактикалык эсепке алды.

Пикир

Оставить комментарий