• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Спортту жайылтуу: Бишкекте 10 жаңы воркаут жайлары пайда болот

Коом 0

Бишкек, 01.11.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов КРнын воркаут-спортунун федерациясынын президенти Тамерлан Богатырев менен жолугушту.

Жолугушуунун эң негизги темасы катары дени сак жашоо жана жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга кызыктыруу болгон.

“Биз жаштардын жана балдардын спорт менен машыгуусу үчүн баардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Ошондой эле шаардын спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маанилүү”, - деп белгиледи калаа башчы.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаңы 10 воркаут жайларын куруу макулдашылды.

Учурда аталган жайлар шаардын кайсы бөлүктөрүндө жайгаштырылаары аныкталып жатат. Долбоорду ишке киргизүү турак-жай структуралык бөлүмдөрүнө тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий