• 88.68
  • 95
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 175 адамдан COVID-19 жаңы табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда 22-декабрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 175 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус Бишкекте - 48, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 41, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 31, Жалал-Абад облусунда - 12, Баткен облусунда - 16 адамдан аныкталган.

Илдеттен акыркы бир сутка ичинде 295 бейтап сакайып чыкты. Бишкекте - 105, Ош шаарында - 6, Чүй облусунда - 68, Ош облусунда - 16, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 49, Жалал-Абад облусунда - 22, Баткен облусунда - 15 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 73 300 бейтап айыкса, 79 миң 429 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан жалпы 1 миң 335 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында үч жана Ысык-Көл облусунда бир адам каза болгон.

Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 472 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 429 киши дарыланууда.

Сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан бир, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4 075 учур катталды, алардын ичинен 3 847 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий