• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ак-Өргө жаңы конушунда почтанын 70 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Биринчи май айылында эки кабаттуу турак үйдүн 30 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жалпы аянты 140 чарчы метр болгон унаа тетиктер дүкөнү толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылында аянты 80 чарчы метр болгон сарайдын чатыры жана 1000 түк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий