• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте акыркы жуманын ичинде жол эрежесин бузган 206 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Бишкекте акыркы жуманын ичинде жол эрежесин бузган 206 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, кайгуул кызматкерлери 1нен 7-майга чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлерди аныктоо боюнча атайын иш-чара өткөргөн.

Бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 206 чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Россияныкы - 162, Арменияныкы - 10, Грузияныкы - 4, Абхазияныкы - 7, Азербайжандыкы - 1, башка чет өлкөлүк унаалар - 12.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, жол эрежесин бузган автоунаалардын барына бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 8 чет өлкөлүк унаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий