• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 14 кабаттуу үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат берилген. Кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин айрым кызматкерлери, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "ГГ" курулуш компаниясы менен жең ичинен келишимге барып, долбоордук документтерди мыйзамсыз берүү менен 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат беришкен.

Аталган факт боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий