• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузактагы жол кырсыгынан үч адам көз жумуп, учөө ооруканага түштү

Кырсык 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Сузак районунда жол кырсыгы катталып үч адам көз жумуп, дагы үчөө ооруканага жаткырылды, бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 9-августта Беш-Бала айылында катталган. “Фольксваген Вента” жана “Хундай Кари” унаалары сүзүшкөн.

Жабыркагандарды ооруканага жеткиришкен. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар унаада калган адамдардын денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Расмий маалыматтарга ылайык, жол кырсыгынан улам өлкөдө күн сайын орточо эсеп менен 3 адам каза болуп, 20га чукул жарандар ар кандай жаракаттарды алууда. Азырынча бийлик тарабынан чечкиндүү кадамдар жасала элек.

Пикир

Оставить комментарий