• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Түркмөнстандыктар иштегени Өзбекстан менен Казакстанга бара башташты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. Түркмөнстанда уланып жаткан экономикалык кыйынчылыктардан улам, өлкө сыртына иш издеп кеткен жарандардын саны көбөйүүдө. Муну менен катар эмгек мигранттарынын агымынын багыттары дагы өзгөрүп жатат.

Акыркы кездери эмгек мигранты караты Өзбекстан менен Казакстанга барууга аракет кылган түркмөнстандыктар тууралуу маалыматтар көбүрөөк айтыла баштады. Буга жарандардын Түркияга агымын токтотуу боюнча түркмөн бийлигинин чаралары дагы себеп болууда. Түркия түркмөнстандык мигранттар эң көп иштеген негизги өлкө болуп эсептелет.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары билдиришкендей, Ашхабад аэропортунан Түркияга уча албаган эмгек мигранттары, ал жакка Өзбекстан же Казакстан аркылуу кетүүгө аракет кылышууда.

Буга чейин Ашхабаддагы эл аралык аэропортто күн сайын ондогон түркмөн жараны Стамбул жана Дубай каттамдарына киргизилбей жаткандыгы кабарлаган. Февралда түркмөнстандык эмгек мигранттарынын Азербайжанга агымы көбөйгөнү маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий